# 2-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жер казынасы жөнүндө", "Жер казынасын пайдаланууда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулар тууралу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112381)
- Толук аталышы: КР 2022-жылдын 22-июнундагы № 47 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жер казынасы жөнүндө", "Жер казынасын пайдаланууда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулар тууралу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 47
- Кабыл алынган күнү: 22.06.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112381/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3168/edition/1186336/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112381/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жер казынасы жөнүндө", "Жер казынасын пайдаланууда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулар тууралу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 2-берене (22.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112381/st-2

---

"Жер казынасын пайдаланууда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулар тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 5, 208-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 6-статьяда:

а) 3-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Көрсөтүлгөн комиссиянын курамына аткаруу бийлик органдарынын өкүлдөрү, анын ичинде жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик органдын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тиешелүү комитетинин өкүлдөрү кирет. Зарыл болгон учурда көрсөтүлгөн комиссиянын ишине өндүрүштүк жана илимий уюмдар, ошондой эле эксперттер жана консультанттар тартылат.";

б) 5-пункттун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

2) 8-статья төмөнкүдөй мазмундагы экинчи бөлүк менен толукталсын:

"Продукцияны бөлүштүрүүдө кирешелүү продукциядагы мамлекеттин үлүшү кеминде 30 пайызды түзүүгө тийиш.";

3) 17-статьянын 2-пунктунда "(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан ратификацияланган)" деген сөздөр алып салынсын.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112381/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112381/st-3)
