# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жер казынасы жөнүндө", "Жер казынасын пайдаланууда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулар тууралу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112381)
- Толук аталышы: КР 2022-жылдын 22-июнундагы № 47 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жер казынасы жөнүндө", "Жер казынасын пайдаланууда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулар тууралу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 47
- Кабыл алынган күнү: 22.06.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112381/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3168/edition/1186336/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112381/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жер казынасы жөнүндө", "Жер казынасын пайдаланууда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулар тууралу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 1-берене (22.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112381/st-1

---

"Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 5, 282-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 19-берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-1-бөлүк менен толукталсын:

"4-1. Алтындын жана күмүштүн ири жана орто кендерин пайдалануу укугун берүү боюнча аукциондун же конкурстун жеңүүчүсү деп таанылган юридикалык же жеке жак, анын ичинде чет өлкөлүк жак жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны өзүнө жол-жоболоштуруу үчүн Кыргыз Республикасында мамлекеттин кеминде 30 пайыз милдеттүү үлүштүк катышуусу менен юридикалык жакты түзүүгө милдеттүү.";

2) 25-1-берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Жер казынасын пайдалануу укугу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча уставдык капиталында мамлекеттин катышуусунун үчтөн экисинен кем эмес үлүшү бар чарбакер субъекттерге жана мамлекеттик ишканаларга гана берилет.";

3) 29-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Төмөнкүлөрдү кошпогондо, жер казынасын пайдалануу укуктарынын бардык түрлөрү лицензияланууга тийиш:

1) концессиялык келишим боюнча жер казынасын пайдалануу укугун;

2) мамлекеттик каттоону.".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112381/st-2)
