# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/112380)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-июнундагы № 45 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 45
- Кабыл алынган күнү: 16.06.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112380/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3167/edition/1179929/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112380/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 1-берене (16.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112380/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ("Эркин Тоо" газетасы, 2021-жылдын 16-ноябрындагы № 122-123) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 231-беренеде:

а) 1-бөлүктүн экинчи абзацындагы "300дөн 600" деген сөздөр "1000ден 1200" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) 2-бөлүктүн экинчи абзацындагы "600дөн 1000" деген сөздөр "1200дөн 1500" деген сөздөргө алмаштырылсын;

в) 3-бөлүктүн 5-пунктунун экинчи абзацындагы "1000ден" деген сөздөр "1500дөн" деген сөздөргө алмаштырылсын;

г) эскертүүдө:

- бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Эгерде адам, товарларды же башка предметтерди бажы контролунан тышкары өткөрүүнү кошпогондо, контрабанданын предмети болуп саналган товарларды жана башка предметтерди бажылык жол-жоболоштуруу аркылуу тийиштүү бажы төлөмдөрүн, туумдарды кошуп, өз ыктыяры менен эки эсе өлчөмүндө төлөп берсе, ал ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган жосунду жасагандыгы үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигинен жана жазадан бошотулат.";

- эскертүү төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:

"Бажы контролунан тышкары өткөрүлгөн товарлар жана башка предметтер, ошондой эле аларды ташууга пайдаланылган транспорт каражаттары (анын ичинде башка ташуучу каражаттар) конфискацияланууга тийиш.".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112380/st-2)
