# 1-берене

- Документ: ["Сырткы видеобайкоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/112378)
- Толук аталышы: КР 2022-жылдын 20-июнундагы № 46 ""Сырткы видеобайкоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 46
- Кабыл алынган күнү: 20.06.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112378/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3165/edition/1187890/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112378/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: "Сырткы видеобайкоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 1-берене (20.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112378/st-1

---

"Сырткы видеобайкоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 5, 519-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 3-беренеде:

а) 1-бөлүктө "Бишкек жана Ош шаарларынын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) 2-бөлүктө "шаардык" деген сөз "жергиликтүү" деген сөзгө алмаштырылсын; "тиешелүү шаардын" деген сөздөр "тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 8-беренеде:

а) 1-бөлүктүн экинчи абзацында "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Мамлекеттик менчикте турган объекттерди кошпогондо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясына СВБТ менен жабдылууга тийиш болгон, тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында жайгашкан уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин объекттеринин тизмесин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын сунушу боюнча жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитүү кирет.".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112378/st-2)
