# КР 2022-жылдын 13-июнундагы № 44 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын пайдасын которуу маселелери жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2022-жылдын 13-июнундагы № 44 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын пайдасын которуу маселелери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 44
- Кабыл алынган күнү: 13.06.2022
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.05.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112374>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3161/edition/1176477/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112374.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.05.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2022-жылдын 13-июнундагы № 44 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын пайдасын которуу маселелери жөнүндө" Мыйзамы (28.05.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112374

---

КР 2024-жылдын 28-майындагы N 90 конституциялык Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2022-жылдын 13-июну № 44 Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын пайдасын которуу маселелери жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112374/st-1)

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесинин 4-бөлүгүнүн колдонулушу убактылуу токтотулары жана 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын пайдасын бөлүштүрүүгө жайылтылбай турганы белгиленсин. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча пайданы республикалык бюджеттин кирешесине токсон пайыз өлчөмүндө которууну жүзөгө ашырсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112374/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров

2022-жылдын 25-майында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
