# КР 2022-жылдын 06-июнундагы № 41 "Медиация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алыиышына байланыштуу айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2022-жылдын 06-июнундагы № 41 "Медиация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алыиышына байланыштуу айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 41
- Кабыл алынган күнү: 06.06.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112373>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3160/edition/1177683/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112373.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2022-жылдын 06-июнундагы № 41 "Медиация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алыиышына байланыштуу айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112373

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2022-жылдын 06-июну № 41 «Медиация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алыиышына байланыштуу айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (КР 2025-жылдын 23-январындагы № 24 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 1- берене

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I белүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 218-статьянын биринчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «Доонун эскирүү мөөнөтүнүн өтүшү төмөнкүлөр аркылуу үзгүлтүккө учурайт:

1) белгиленген тартипте доо коюу;

2) милдеттүү адамдын карызды же башка милдеттенмелерди таануусун күбөлөндүрүүчү аракеттерди жасашы;

3) медиация чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык соттон тышкаркы тартипте, медиация аркылуу талаш-тартышты жөнгө салууга тараптардын өз ара макулдугу.».

2- берене

Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 1, 1-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

### [21-статья. төмөнкудөй мазмундагы экинчи бөлүк менен толукталсын](https://aqlex.ai/kg/doc/112373/st-21)

«Жашы жете элек жалпы балдары жок, эмгекке жарамдуу жана аракетке жөндөмдүү жубайлар медиация чөйрөсүндөгү мыизамдарга ылайык медиация жол-жоболорун жүргүзүү аркылуу алардын жалпы мүлкүн бөлүү жөнүндө талаш-тартыштарды өз ара макулдашуу менен чечүүгө укуктуу.».

3- берене (КР 2025-жылдын 23-январындагы № 24 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

4- берене

«Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына («Эркин-Тоо» газетасы, 2021-жылдын 2-ноябры, № 113-114) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 15-берененин 1 -бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 17-пункт менен толукталсын: «17) медиатор катары иш жүргүзүүгө.».

5- берене

«Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 7, 711 -ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 25-берененин 2-бөлүгүндө:

а) 2-пунктунун «в» пунктчасы «тергөөчү,» деген сөздөн кийин «медиатор,» деген сөз менен толукталсын;

б) бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:

«6) эгерде ал ушул иш боюнча медиация тараптарынын бирине юридикалык жардам көрсөтүп жатса же мурда көрсөткөн болсо, медиатор катары чыгууга.».

6- берене

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он куң өткөндөн кийин күчүнө кирет. “Эркин-Тоо” газетасынын 2022-жылдын 10-июнундагы № 51 санында жарыяланган

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

2022-жылдын 21-апрелинде
