# 3-берене. Жол фондунун каражаттарын пайдалануу

- Документ: [Жол фонду жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112371)
- Толук аталышы: КР 2022-жылдын 30-майындагы № 36 "Жол фонду жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 36
- Кабыл алынган күнү: 30.05.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.05.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 16 мая 2026 года № 67 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Дорожном фонде"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046049)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 16.05.2026 [Закон КР от 16 мая 2026 года № 67 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Дорожном фонде"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046049); 19.05.2025 [Закон КР от 19 мая 2025 года № 94 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Дорожном фонде"](https://aqlex.ai/kg/doc/230027024)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112371#diff=32292..52989>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112371/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3158/edition/1177681/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112371/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жол фонду жөнүндө, 3-берене (16.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112371/st-3

---

1. Жол фондунун каражаттары төмөнкүлөргө гана пайдаланылат:

1) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун долбоорлоого жана долбоорлоо, куруу, реконструкциялоо, күтүү, оңдоо, техникалык көзөмөлдөө жана өнүктүрүү менен байланышкан башка чектеш чыгымдарды каржылоого;

2) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун куруу, күтүү жана оңдоо үчүн материалдарды (анын ичинде битум, шагыл), ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөн максаттар үчүн күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алууга;

3) транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жол чарбасын башкарууну жүзөгө ашыруучу ведомстволук мекемелердин жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн административдик чыгымдарына;

4) транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн чыгымдарын Жол фондунун түшүүлөрүнүн жылдык көлөмүнүн он пайызынан ашпаган көлөмдө каржылоого, адистештирилген жол-курулуш жана жол-эксплуатациялоо техникасын жана жабдууларды сатып алууга, кадастрдык иштерге, жер тилкелерин тариздөөгө жана инвентаризациялоого, жол лабораторияларын жабдууга жана модернизациялоого, илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерди жүргүзүүгө, жол органдарынын ишин камсыз кылуучу объекттерди курууга жана оңдоого, ченемдик-техникалык документтерди иштеп чыгууга жана актуалдаштырууга, кадрларды окутууга, ошондой эле жол инфратүзүмүн башкаруу жана мониторинг жүргүзүү процесстерин санариптештирүүгө.

2. Жол фондунун кирешелери жана чыгашалары республикалык бюджет жөнүндө мыйзамга өзүнчө сап менен киргизилет.

3. Ушул жылы пайдаланылбай калган Жол фондунун каражаттары өзүнүн атайын багытын сактап калат, кийинки жылдары алып салынбайт жана так максаттуу багыты боюнча колдонулат.

4. Транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жыл сайын отчеттук мезгил үчүн Жол фондунун каражаттарынын чыгымдалышы жөнүндө отчет жана финансылык каражаттарды багыттоо объектилерин көрсөтүү менен кийинки жылга зарыл болгон ассигнованиелердин эсебин берет.

(КР 2025-жылдын 19-майындагы № 94, 2026-жылдын 16-майындагы № 67 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112371/st-2)  
Кийинки берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112371/st-31)
