# 1-берене. Жол фондунун максаты жана багыты

- Документ: [Жол фонду жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112371)
- Толук аталышы: КР 2022-жылдын 30-майындагы № 36 "Жол фонду жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 36
- Кабыл алынган күнү: 30.05.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.05.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 16 мая 2026 года № 67 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Дорожном фонде"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046049)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112371#diff=32292..52989>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112371/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3158/edition/1177681/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112371/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жол фонду жөнүндө, 1-берене (16.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112371/st-1

---

1. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жол фондун (мындан ары - Жол фонду) түзүүнүн укуктук негиздерин жана булактарын, анын багытын жана пайдаланылышын аныктайт.

2. Жол фондун түзүүнүн максаты болуп Кыргыз Республикасынын аймагында жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун долбоорлоо, куруу жана реконструкциялоо, жайкы жана кышкы күтүү, орто жана капиталдык оңдоо, автомобиль жолдорун жана жол инфратүзүмүн техникалык көзөмөлдөө, өнүктүрүү үчүн финансылык ресурстарды түзүү саналат. Жол фонду максаттуу фонд болуп саналат.

3. Жол фондунун каражаттары республикалык бюджетте топтолот, атайын багыты болот жана алып коюуга же башка муктаждыктарга чыгымдалууга тийиш эмес.

(КР 2026-жылдын 16-майындагы № 67 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112371/st-2)
