# 7-берене. Корпорациянын функциялары жана укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112367)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 33 "Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 33
- Кабыл алынган күнү: 30.04.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.04.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112367/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3155/edition/1177689/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112367/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.04.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө, 7-берене (30.04.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112367/st-7

---

1. Корпорация төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына ылайык өлкөнүн бүткүл аймагында анык, объективдүү маалыматтарды чогултууну жана таратууну жүзөгө ашыруу;

2) мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын расмий билдирүүлөрүн таратуу;

3) коом талап кылган бардык багыттарды, актуалдуу маселелерди эске алуу менен медиаконтенттин, телерадио программалардын ар түрдүүлүгүн камсыз кылуу;

4) Корпорациянын теле- жана радио каналдарынын берүүлөрүнүн жыйынды көлөмүнүн обо убактысынын 30 пайызын балдар, өспүрүмдөр, билим берүү жана оюн-зоок программаларына бөлүүнү камсыз кылуу;

5) улуттук телерадиоберүүнүн материалдык-техникалык базасын жакшыртууга жана өнүктүрүүгө багытталган иш-чараларды өткөрүү;

6) телерадиоберүү жана электрондук жалпыга маалымдоо каражаттары жаатындагы эл аралык уюмдар жана мекемелер менен кызматташууну өнүктүрүү;

7) телерадиоберүү, телекоммуникация жана технология жаатындагы ийгиликтүү дүйнөлүк тажрыйбаны эске алуу менен мамлекеттик телерадиоберүү ишин өнүктүрүүнүн бирдиктүү саясатын иштеп чыгуу;

8) Корпорация тарабынан өндүрүлгөн телерадиоберүү продукциясынын архивин толуктоо;

9) социалдык-маданий чөйрөнү жакшыртуу максатында ата мекендик фильмдерди жана сериалдарды телекөрсөтүүгө чыгаруу.

2. Корпорация төмөнкүдөй укуктарга ээ:

1) телерадиоберүүнү уюштуруу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, коомдук жана жеке менчик уюмдардан, мекемелерден, ишканалардан жана алардын кызмат адамдарынан керектүү маалымат алууга;

2) өзүнүн ишин ушул Мыйзамдын жана жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболоруна ылайык маалыматтын объективдүүлүгү жана айкындуулугу принциптерине ылайык өз алдынча жүзөгө ашырууга;

3) чет өлкөдөгүлөрдү кошуп алганда филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү, башка ведомстволук ишканаларды жана мекемелерди, кабарчылар пункттарын, чыгармачылык-өндүрүштүк бирикмелерди, аларга толук чыгармачылык жана чарбалык өз алдынчалыкты берүү жана өндүрүлгөн продукция үчүн жоопкерчиликти жүктөө менен түзүүгө, кайра уюштурууга же жоюуга;

4) өзүнүн аудио- жана видеопродукцияларын, архивдик телекөрсөтүү жана радиоберүү продукциясын даярдоого жана сатууга;

5) башка телекөрсөтүү жана (же) радиоуктуруу уюмдары, контент өндүрүүчүлөр тарабынан өндүрүлгөн маданий-агартуу, спорт, экономикалык, социалдык багыттагы программалардын продукциясы үчүн жыл сайын бардык обо убактысынын 50 пайызына чейин акысыз негизде жана/же жарнамалык обо убактысын алмаштыруу тартибинде берүүгө;

6) ата мекендик жана чет өлкөлүк өндүрүүчүлөрдүн, ошондой эле жеке адамдардын видеопродукцияларын укук ээлеринин макулдугу менен акысыз негизде жайгаштырууга;

7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген консультациялык, жарнама-басма, окутуу жана башка формадагы иштерди жүзөгө ашырууга;

8) нускамаларды, жоболорду, эрежелерди жана башка ички ведомстволук ченемдик укуктук актыларды белгиленген тартипте иштеп чыгууга жана кабыл алууга жана алардын аткарылышын контролдоону жүзөгө ашырууга;

9) телекөрсөтүү жана радио көйгөйлөрү боюнча координациялык жана эксперттик кеңештерди, убактылуу чыгармачыл жамааттарды жана жумушчу топторду түзүүгө;

10) Корпорациянын ишин өркүндөтүү маселелери боюнча чет өлкөдөгүлөрдү кошуп алганда илимий мекемелерди, окумуштууларды жана адистерди келишимдик негизде тартууга;

11) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жарнамалык-маалыматтык кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңири спектрин, акы төлөнүүчү кызматтарды (жумуштарды) көрсөтүүгө;

12) ата мекендик жана эл аралык телерадиоберүү уюмдары менен кызматташууга;

13) менчик ээсинин макулдугу менен үчүнчү жактар тарабынан түзүлүүчү уюмдарда катышуучу (уюштуруучу) катары чыгууга;

14) телерадиоберүү маселелери боюнча ар түрдүү ассоциацияларга, бирликтерге жана эл аралык коомдук уюмдарга кирүүгө;

15) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүгө;

16) Корпорацияга жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка укуктарды жүзөгө ашырууга.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112367/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112367/st-8)
