6-берене. Корпорациянын максаты жана милдеттери
Күчүндө · 30.04.2022 редакциясы · 2-глава
1. Корпорация Кыргыз Республикасынын калкын ички жана тышкы саясат, маданият, билим берүү, илим, руханий турмуш жаатында жана коомдук кызыкчылык туудуруучу башка чөйрөлөрдө болуп жаткан окуялар жөнүндө маалымат берүү максатында түзүлгөн жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз ишин жүзөгө ашырат.
2. Корпорациянын негизги милдеттери:
1) улуттук телерадиоберүүнү жүзөгө ашыруу, ата мекендик жана дүйнөлүк маданияттын мыкты салттарына ылайык ата мекендик өндүрүштүн берүүлөрүн жана программаларын өндүрүү жана обого чыгаруу;
2) коомдук ынтымакты, тынчтыкты жана коопсуздукту, анын ичинде маалымат коопсуздугун жана мамлекеттин бүтүндүгүн сактоого багытталган улуттук маалыматтык саясатты жүзөгө ашыруу;
3) улуттар аралык биримдикти, жарандардын биригүүсүн жана ынтымагын сактоого жана чыңдоого көмөктөшүү;
4) Кыргыз Республикасынын бирдиктүү маалыматтык телекөрсөтүү жана радиоуктуруу мейкиндигин түзүү жана анын дүйнөлүк маалыматтык процесстерге кирүүсүн активдештирүү;
5) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга Кыргыз Республикасынын жакшы аброюн калыптандыруу жана колдоо боюнча маалыматтык саясатты жүргүзүүдө көмөк көрсөтүү;
6) Кыргыз Республикасы, анын ички жана тышкы саясаты, өлкөдө жана чет өлкөлөрдө болуп жаткан процесстер тууралуу объективдүү маалыматтарды таратуу, расмий билдирүүлөрдү таратуу;
7) Кыргыз Республикасындагы жана чет өлкөлөрдөгү мамлекеттик бийлик органдарынын иши, социалдык-саясий жана башка окуялар жөнүндө коомчулукка ыкчам маалымат берүү;
8) журналистиканын жогорку стандарттарын, толеранттуулуктун стандарттарын, ар бир адамдын укуктарын урматтоону камсыз кылуу;
9) жогорку кесиптик, көркөм жана техникалык деңгээлде маалыматтык, окуу, аналитикалык, экономикалык, публицистикалык, маданий, көркөм, илимий, агартуучулук, оюн-зоок, спорттук жана башка берүүлөрдү түзүү жана таратуу;
10) балдар жана өспүрүмдөр үчүн билим берүүчү, тарбиялык телерадиопрограммаларды өнүктүрүү;
11) айрым мамлекеттик органдарга жана уюмдарга артыкчылыктуу абалды түзүүдөн качуу менен, мамлекеттик бийликтин бардык бутактарынын иштерин бирдей чагылдыруу;
12) калктын ар кандай улуттук, социалдык, курактык жана башка топторунун ой-пикирин эркин билдирүү үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү берүү;
13) коомдук аң-сезимде зомбулуктун ар кандай түрлөрүнөн баш тартууну калыптандыруу жана басмырлоонун ар кандай түрлөрүн пропагандалоого жол бербөө максатында үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо маселелерин чагылдыруу;
14) айлана-чөйрөнү коргоо, жаратылышка аяр мамиле жасоо жана биологиялык түрдүүлүктү коргоо маселелерин чагылдыруу;
15) мамлекеттик тилди, улуттук, маданий жана тарыхый салттарды өнүктүрүүгө багытталган программаларды өндүрүү жана таратуу;
16) Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен сырткары жашаган кыргызстандыктардын жашоо-турмушун чагылдыруу;
17) көркөм баалуулукту түзгөн материалдарды сактоо;
18) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка иштерди жүзөгө ашыруу.
Берененин тексти 30.04.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112367/st-6" title="6-берене - Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>