# 4-берене. Корпорациянын юридикалык статусу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112367)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 33 "Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 33
- Кабыл алынган күнү: 30.04.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.04.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112367/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3155/edition/1177689/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112367/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.04.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө, 4-берене (30.04.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112367/st-4

---

1. Корпорация мамлекеттик мекеменин өзгөчө статусуна ээ.

2. Корпорация юридикалык жак болуп саналат, анын өз алдынча балансы, эсептешүү эсеби, ыкчам башкаруу укугунда өзүнө бекитилген мүлкү, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн жана өзүнүн фирмалык аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү жана өздүк символика белгилери бар.

3. Корпорация, ошондой эле анын курамына кирген уюмдар, ишканалар жана бөлүмдөр менчиктештирилүүгө жатпайт. Корпорациянын чарбалык иш жүргүзүүчү субъект катары өзгөчөлүгү ушул Мыйзамда жана Корпорациянын уставында белгиленет.

4. Корпорациянын ишине мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандардын, уюмдардын жана мекемелердин мыйзамсыз кийлигишүүсүнө тыюу салынат.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112367/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112367/st-5)
