# 17-берене. Маалыматка жетүү. Журналисттик булактардын купуялыгы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112367)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 33 "Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 33
- Кабыл алынган күнү: 30.04.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.04.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112367/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3155/edition/1177689/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112367/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.04.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө, 17-берене (30.04.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112367/st-17

---

1. Корпорация парламенттик угууларды, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйналыштарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасынын катышуусу менен башка расмий иш-чараларды жазып да, түз ободо да акысыз негизде обого чыгарууга укуктуу.

2. Мамлекеттик, коммерциялык жана мыйзам менен корголуучу башка жашыруун сырларды түзүүчү маалыматтарды кошпогондо, Корпорация мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тескөөсүндө турган архивдерге, документтерге жана маалыматтарга жетүү укугуна ээ.

3. Корпорация кеңири коомчулукка жеткиликтүү болгон жана жалпы маалыматтык кызыкчылыкты туудурган маданий, спорттук жана башка иш-чараларга эркин кирүү укугуна ээ.

4. Маалымат булактарынын купуялыгы (журналисттер "таап чыккан" материалдарды кошкондо) жалпыга маалымдоо каражаттары жаатындагы мыйзамдар менен кепилденет. Коомдук кызыкчылыктарга олуттуу зыян келтирүү мүмкүндүгүнө байланыштуу булактар соттун чечиминин негизинде гана ачыкка чыгарылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112367/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112367/st-18)
