17-берене. Маалыматка жетүү. Журналисттик булактардын купуялыгы
Күчүндө · 30.04.2022 редакциясы · 4-глава
1. Корпорация парламенттик угууларды, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйналыштарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасынын катышуусу менен башка расмий иш-чараларды жазып да, түз ободо да акысыз негизде обого чыгарууга укуктуу.
2. Мамлекеттик, коммерциялык жана мыйзам менен корголуучу башка жашыруун сырларды түзүүчү маалыматтарды кошпогондо, Корпорация мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тескөөсүндө турган архивдерге, документтерге жана маалыматтарга жетүү укугуна ээ.
3. Корпорация кеңири коомчулукка жеткиликтүү болгон жана жалпы маалыматтык кызыкчылыкты туудурган маданий, спорттук жана башка иш-чараларга эркин кирүү укугуна ээ.
4. Маалымат булактарынын купуялыгы (журналисттер "таап чыккан" материалдарды кошкондо) жалпыга маалымдоо каражаттары жаатындагы мыйзамдар менен кепилденет. Коомдук кызыкчылыктарга олуттуу зыян келтирүү мүмкүндүгүнө байланыштуу булактар соттун чечиминин негизинде гана ачыкка чыгарылышы мүмкүн.
Берененин тексти 30.04.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
17-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112367/st-17" title="17-берене - Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>