# 16-берене. Обону бөлүштүрүү жана маалыматтык берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112367)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 33 "Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 33
- Кабыл алынган күнү: 30.04.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.04.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112367/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3155/edition/1177689/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112367/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.04.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө, 16-берене (30.04.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112367/st-16

---

1. Корпорация Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө болуп жаткан бардык коомдук маанилүү окуялар тууралуу толук жана ыкчам маалымат берет. Маалыматтык билдирүүлөр калыс, тең салмактуу жана көз карандысыз болууга тийиш. Комментарийлер фактылардан так ажыратылууга тийиш.

2. Корпорация ушул Мыйзамга жана ички актыларга ылайык коомдук маанидеги темаларды өз алдынча аныктайт.

3. Корпорация Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасына, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасына расмий сөз сүйлөө үчүн акысыз обо убактысын берет.

4. Талапкерлер, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык акысыз берилүүчү обо убактысына укуктуу.

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112367/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112367/st-17)
