# 15-берене. Корпорациянын редакциялык саясаты

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112367)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 33 "Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 33
- Кабыл алынган күнү: 30.04.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.04.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112367/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3155/edition/1177689/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112367/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.04.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө, 15-берене (30.04.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112367/st-15

---

1. Корпорациянын кызматкерлери өз ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ошондой эле редакциялык саясатты жана ушул Мыйзамга ылайык кабыл алынган башка ички актыларды жетекчиликке алат.

Кызматкерлер редакциялык саясатта камтылган этикалык стандарттарды жетекчиликке алат, ой-пикирлердин плюрализмин чагылдырат жана маалыматтык-жаңылыктар программаларында өздөрүнүн ой-пикирлерин билдирүүгө жол бербейт. Тактык, аныктык, тең салмактуулук, толук камтуу жана жеткиликтүүлүк, ошондой эле фактыларды жана автордук комментарийлерди так чектөө маалыматты жеткирүүнүн башкы стандарттары болууга тийиш.

2. Кылмыштардын курмандыгы болгон жашы жете электер, жаратылыш кырсыктарынан жана кыйроолордон жапа чеккен адамдар жөнүндө материалдарда өзгөчө этияттык сакталууга тийиш.

3. Жеке турмуш, шектүүлөргө, айыпкерлерге жана соттолуучуларга карата калыстык принциби урматталат, маалымат булактарынын жана жашыруун ысымдардын купуялыгы сакталат.

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112367/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112367/st-16)
