# 14-берене. Корпорациянын программалык саясаты

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112367)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 33 "Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 33
- Кабыл алынган күнү: 30.04.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.04.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112367/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3155/edition/1177689/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112367/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.04.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө, 14-берене (30.04.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112367/st-14

---

1. Корпорация Кыргыз Республикасынын бүткүл калкынын кызыкчылыктарында анын этностук, маданий ар түрдүүлүгүн эске алуу менен, өлкөнүн бүткүл аймагында маалыматтык, агартуучулук жана оюн-зоок берүү программаларынын кеңири спектрин сунуш кылат.

2. Корпорация коомдо орун алган пикирлерди жана көз караштарды чагылдыруучу заманбап жана жогорку сапаттуу берүүлөрдү жүзөгө ашырат, калктын кеңири катмарынын маалыматтык кызыкчылыктарын жана керектөөлөрүн канааттандырат.

3. Корпорация Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ошондой эле Корпорациянын Уставына ылайык берүү кызматтарын көрсөтөт.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112367/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112367/st-15)
