# 13-берене. Корпорациянын мүлкү жана ишин каржылоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112367)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 33 "Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 33
- Кабыл алынган күнү: 30.04.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.04.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112367/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3155/edition/1177689/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112367/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.04.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө, 13-берене (30.04.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112367/st-13

---

1. Корпорацияны каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынан жүзөгө ашырылат.

2. Каржылоо төмөнкүлөрдүн эсебинен да жүргүзүлүшү мүмкүн:

1) жарнаманын, гранттык жана ыктыярдуу төгүмдөрдүн, демөөрчүлүк каражаттардын;

2) обо убактысын, жарнамалык убакытты, аудио- видеопродукцияны, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү, чарбалык иштин башка түрлөрүн сатуудан түшкөн өздүк каражаттардын;

3) автордук укуктарды пайдалануу менен байланышкан кирешелердин;

4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын.

3. Корпорациянын имараты, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү мамлекеттик менчик болуп саналат, Корпорацияга ыкчам башкаруу укугунда бекитилип берилет жана анын өз алдынча балансында чагылдырылат.

Корпорация Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, өзүнүн уставында белгиленген чектерде бул мүлккө ээлик кылат, пайдаланат жана тескейт.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112367/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112367/st-14)
