# 11-берене. Корпорациянын башкаруу органы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112367)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 33 "Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 33
- Кабыл алынган күнү: 30.04.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.04.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112367/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3155/edition/1177689/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112367/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.04.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө, 11-берене (30.04.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112367/st-11

---

1. Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу башкы директор Корпорацияны жетектейт.

2. Башкы директордун үч орун басары болот, алар башкы директор тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.

Башкы директордун жана анын орун басарларынын функционалдык милдеттери Корпорациянын Уставы менен жөнгө салынат.

3. Корпорациянын башкы директору:

1) Корпорациянын Уставын, редакциялык саясатын бекитет, Корпорациянын ишин жөнгө салуучу башка документтерге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизет;

2) ушул Мыйзамга жана Корпорациянын Уставына ылайык Корпорациянын ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат жана анын бардык операциялары жана ишинин түрлөрү үчүн жоопкерчиликти алат;

3) Корпорациянын алдына койгон милдеттерин аткарууну уюштурат, буйруктарды жана тескемелерди чыгарат, ички нускамаларды, жоболорду жана эрежелерди бекитет;

4) Корпорациянын, анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана кабарчылар пункттарынын түзүмүн, кызматкерлеринин штаттык ырааттамасын бекитет;

5) Корпорациянын түзүмдүк бөлүмдөрүн түзөт, кайра уюштурат жана жоёт;

6) чет өлкөлүк делегацияларды жана айрым адамдарды кабыл алууга, Корпорациянын ишине байланыштуу ар кандай иш-чараларды өткөрүүгө каражаттарды чыгымдоо ченемдерин, ушул максаттарга арналган каражаттардын чегинде бекитет;

7) Корпорациянын ишинин натыйжалары үчүн жеке жоопкерчилик тартат;

8) жыл сайын Кыргыз Республикасынын Президентине Корпорациянын иши жөнүндө отчет жиберет;

9) Корпорациянын милдеттерин ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык жана жеке жактар менен келишимдерди түзөт.

4. Корпорациядагы кеңеш берүүчү орган болуп 9 адамдан турган коллегия саналат. Коллегиянын курамына башкы директор жана анын орун басарлары кирет. Коллегиянын башка мүчөлөрүн Корпорациянын кызматкерлеринин ичинен башкы директор тарабынан дайындалат.

5. Коллегияны Корпорациянын башкы директору жетектейт. Башкы директор жок учурда коллегиянын жыйналыштарын башкы директордун орун басарларынын бири өткөрөт.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112367/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112367/st-12)
