# 53-берене. Контракт боюнча талаш-тартыштар

- Документ: [Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112361)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 27 "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 27
- Кабыл алынган күнү: 14.04.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112361/st-53>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112361/edition/1279679/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112361/st-53.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө, 53-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112361/st-53

---

1. Түзүлгөн контрактты аткарууга байланыштуу талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер келип чыккан учурда контракттын тараптары себептерин көрсөтүү менен бири-бирине дооматтарды коюуга укуктуу.

2. Башка тараптын дооматын алган тарап аны карап чыгууга жана доомат коюлган күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде жазуу жүзүндө жооп берүүгө милдеттүү.

3. Доомат четке кагылган же ага ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган мөөнөттүн ичинде жооп берилбеген учурда, кызыкдар тарап сотко же бейтарап сотко (эгерде сатып алуу жөнүндө контрактта бейтарап шилтеме бар болсо) кайрылууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [52-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112361/st-52)  
Кийинки берене: [54-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112361/st-54)
