# 52-берене. Контракттын колдонулушун токтотуу

- Документ: [Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112361)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 27 "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 27
- Кабыл алынган күнү: 14.04.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Күчүнө кире элек өзгөртүү: [Закон КР от 6 августа 2026 года № 144 «О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики «О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/230049603)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112361#diff=46469..57189>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112361/st-52>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112361/edition/1279679/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112361/st-52.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө, 52-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112361/st-52

---

Контракттын колдонулушун токтотуу төмөнкү учурларда жүзөгө ашырылат:

1) контрактты түзүүдө тараптар аларга таянган жана контракт түзүү учурунда өзгөрүшүн алдын ала билүүгө мүмкүн болбогон жагдайларда олуттуу ɵзгɵрүүлɵр келип чыкканда жана эгерде мында контрактты аткаруу мамлекеттик кызыкчылыктарга каршы келсе, сатып алуучу уюм/Агент мындай жагдайлар жөнүндө белгилүү болгон күндɵн тартып 10 жумуш күндөн кечиктирбестен контрактты бир тараптуу тартипте бузууга укуктуу.

Эгерде контракт ушул пунктка ылайык бузулган учурда, тараптардын тарткан чыгымдарынын ордун толтуруу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт;

2) бардык милдеттенмелер аткарылганда контрактыга ылайык.

(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 6-августундагы № 144 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [51-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112361/st-51)  
Кийинки берене: [53-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112361/st-53)
