# 51-берене. Сатып алуулар жөнүндө түзүлгөн контрактыга өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн негиздери

- Документ: [Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112361)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 27 "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 27
- Кабыл алынган күнү: 14.04.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Күчүнө кире элек өзгөртүү: [Закон КР от 6 августа 2026 года № 144 «О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики «О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/230049603)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112361#diff=46469..57189>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112361/st-51>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112361/edition/1279679/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112361/st-51.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө, 51-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112361/st-51

---

1. Сатып алуучу уюм/Агент төмөнкү учурларда түзүлгөн контрактыга өзгөртүү киргизүүгө укуктуу:

1) сапаты жана берүүчүнү тандап алуу үчүн негиз болгон башка шарттар өзгөрүлбөгөн шартта товарларга, жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө баа азаюу же жогорулоо жагына өзгөргөн шартта, тараптардын өз ара макулдугу боюнча сатып алуу жөнүндө контрактты аткаруу процессинде ушуга окшош сатып алынуучу товарларга, жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө баа азаюу же жогорулоо жагына өзгөрсө. Баанын өсүшүнө байланыштуу жагдайлардын олуттуу өзгөрүшүн аныктоонун ырастоонун тартиби Министрлер Кабинети белгилеген тартипте жана шарттарда монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган, расмий статистика жаатындагы жана башка органдар тарабынан Министрлер Кабинети белгилеген тартипте жана шарттарда аныкталат;

2) ушул Мыйзамдын 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында каралган;

3) эгерде контрактыга кол коюлган датадан кийин товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн наркынын өсүшүнө же азаюусуна алып келүүчү салыктарга, жыйымдарга же милдеттүү төлөмдөргө Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында кандайдыр бир өзгөрүүлөр киргизилсе, сатып алуучу уюм контракттын наркын тиешелүү түрдө көбөйтүүсү же азайтуусу тийиш.

2. Сатып алуулар жөнүндө түзүлгөн контрактка берүүчүнү тандоо критерийлери (сатып алуу предметинин техникалык өзгөчөлүгү) болуп саналган шарттар боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.

(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 6-августундагы № 144 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [50-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112361/st-50)  
Кийинки берене: [52-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112361/st-52)
