# 41-берене. Мамлекеттик тапшырма

- Документ: [Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112361)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 27 "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 27
- Кабыл алынган күнү: 14.04.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Күчүнө кире элек өзгөртүү: [Закон КР от 6 августа 2026 года № 144 «О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики «О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/230049603)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 29 января 2026 года № 10 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/230039960)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.08.2026 [Закон КР от 6 августа 2026 года № 144 «О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики «О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/230049603) (күчүнө кире элек); 29.01.2026 [Закон Кыргызской Республики от 29 января 2026 года № 10 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/230039960)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112361#diff=46469..57189>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112361/st-41>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112361/edition/1279679/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112361/st-41.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө, 41-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112361/st-41

---

1. Мамлекеттик тапшырма болуп мамлекеттин социалдык-экономикалык туруктуулугун жана (же) социалдык-маданий өнүгүүсүн камсыз кылууга багытталган артыкчылыктуу мамлекеттик милдеттерди аткарууга уставдык капиталда мамлекеттин катышуусу менен мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларга, юридикалык жактарга республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен заказ берүү саналат.

2. Мамлекеттик тапшырманы аткаруу мамлекеттик заказчы менен мамлекеттик тапшырманы аткаруучунун ортосунда натыйжалардын көрсөткүчтөрүн көрсөтүү менен жарандык-укуктук бүтүм түзүү жолу аркылуу жүзөгө ашырылат.

Мамлекеттик тапшырманы аткарууга уставдык капиталда мамлекеттин катышуусу менен юридикалык жактарга бюджеттик каражаттарды бөлүү уставдык капиталды көбөйтпөстөн жүзөгө ашырылат. Мамлекеттик тапшырманы аткарууга жооптуу мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларга, юридикалык жактарга мамлекеттик тапшырманы аткаруу үчүн тиешелүү финансылык жылга бөлүнүүчү бюджеттик каражаттардын суммасынын 50 пайызынан ашпаган көлөмдө мамлекеттик тапшырманы субподрядчыга (кошо аткаруучуга) берүүгө жол берилет.

3. Мамлекеттик тапшырмаларга төмөнкүдөй заказдар киргизилиши мүмкүн:

1) маданият, туристтик иш, тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоо жана пайдалануу чөйрөлөрүндөгү;

2) билим берүү, илим жана саламаттык сактоо чөйрөлөрүндөгү;

3) Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жана анын ведомстволук бөлүмдөрү тарабынан иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча;

4) эл аралык жана республикалык маанидеги жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун тармактарын, анын ичинде республикалык маанидеги шаарлардын муниципалдык жолдорун куруу, реконструкциялоо, оңдоо, күтүү жана өнүктүрүү боюнча;

5) негизги фонддорду түзүү, көбөйтүү, жаңылоо жана модернизациялоо, ошондой эле экономиканын тармактарын өнүктүрүү боюнча;

6) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын катышуусу менен Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик деңгээлде расмий иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча.

4. Мамлекеттик заказчы жана мамлекеттик тапшырманы аткаруучу мамлекеттик тапшырманы ишке ашыруунун алкагында бюджеттик каражаттардын максаттуу жана натыйжалуу пайдаланылышы үчүн жеке жоопкерчилик алышат.

(КР 2026-жылдын 29-январындагы № 10, 2026-жылдын 6-августундагы № 144 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112361/st-4)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112361/st-5)
