# 29-берене. Жеңүүчүнү ырастоо жөнүндө кабарлоо жана контракт түзүү

- Документ: [Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112361)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 27 "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 27
- Кабыл алынган күнү: 14.04.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Күчүнө кире элек өзгөртүү: [Закон КР от 6 августа 2026 года № 144 «О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики «О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/230049603)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 июля 2023 года № 147 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере государственных закупок"](https://aqlex.ai/kg/doc/112635)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.08.2026 [Закон КР от 6 августа 2026 года № 144 «О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики «О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/230049603) (күчүнө кире элек); 25.07.2023 [Закон КР от 25 июля 2023 года № 147 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере государственных закупок"](https://aqlex.ai/kg/doc/112635)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112361#diff=46469..57189>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112361/st-29>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112361/edition/1279679/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112361/st-29.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө, 29-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112361/st-29

---

1. Жеңүүчү деп аныкталган берүүчү чектелбеген метод менен 3 жумуш күндүн ичинде сатып алууларды жүргүзүүдө жана котировкаларды суратып алуу методу менен - 1 жумуш күндүн ичинде жеңүүчү деп таануу жөнүндө кабарлоону ырастоого тийиш.

2. Сатып алуучу уюм/Агент жүргүзүлгөн тандоо жөнүндө маалымат веб-порталда жарыяланган күндөн тартып, эгерде ушул Мыйзамдын 4-главасына ылайык сатып алуулардын жол-жоболору токтотулбаганда гана 3 жумуш күндөн эрте эмес жана 8 жумуш күндөн кечиктирбестен, жеңип алган берүүчү менен контрактыга кол коёт.

Электрондук каталог аркылуу бир булактан сатып алуу методу менен сатып алууда сатып алууларды жүзөгө ашырууда уюм/Агент 1 жумуш күндүн ичинде контрактыга кол коёт. Бир берүүчү сатып алууга катышкан учурда, контракт берүүчү тарабынан билдирүү ырасталган шартта, иштелип чыккан тандоо жөнүндө маалымат веб-порталда жарыяланган күндөн тартып 1 (бир) жумуш күндүн ичинде түзүлөт.

3. Сатып алуучу уюм/Агент сунушу жеңүүчү деп таанылган берүүчү менен ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө белгиленген талаптарды эске алып, сунуштун шарттарына жана жарактуулук мөөнөтүнө ылайык контракт түзөт.

4. Сатып алууну жеңүүчү тарабынан кабарлама ырасталбаган же андан баш тартылган учурда, сатып алуучу уюм/Агент анын сунушун четке кагат жана ушул Мыйзамдын 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 16-пунктуна ылайык рейтинг боюнча кийинки орунду ээлеген берүүчү менен контракт түзө алат.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 30-январындагы № 19, 2023-жылдын 25-июлундагы № 147, 2026-жылдын 6-августундагы № 144 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112361/st-28)  
Кийинки берене: [43-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112361/st-43)
