# 24-берене. Мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө демпингге каршы чаралар

- Документ: [Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112361)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 27 "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 27
- Кабыл алынган күнү: 14.04.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Күчүнө кире элек өзгөртүү: [Закон КР от 6 августа 2026 года № 144 «О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики «О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/230049603)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112361#diff=46469..57189>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112361/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112361/edition/1279679/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112361/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө, 24-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112361/st-24

---

1. Пландалган баадан 20 (жыйырма) пайыздан ашык демпингдик бааны бергенде сатып алуучу уюм/Агент төмөнкү чаралардын бирин колдонот:

1) товарларды сатып алууда сунуш кылынган баанын негиздемесин жана берүүчүнүн сунушунда көрсөтүлгөн шарттарда катышуучунун контрактты аткаруу жөндөмдүүлүгүн сурайт;

2) жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда контрактты аткарууга кепилдикти камсыздоонун өлчөмүн сатып алуу жөнүндө документтерде көрсөтүлгөндөн бир жарым эсеге көбөйтөт.

2. Товарларды сатып алууда ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пункту колдонулган учурда, сатып алуучу уюм/Агент берүүчүдөн төмөнкүлөрдү сурайт:

1) өндүрүүчүдөн берилген товардын баасы жана саны көрсөтүлгөн кепилдик катты; же

2) анда товардын бар экендигин ырастаган документтерди;

3) (Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 6-августундагы № 144 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

Сунушталган бааны жана катышуучунун контрактты аткаруу жөндөмдүүлүгүн негиздөөгө суроо-талап келип түшкөн учурда, берүүчү негиздемени 2 жумуш күндүн ичинде берет.

3. Берүүчү сунушталган баа боюнча негиздеме бербеген учурда, сатып алуучу уюм/Агент анын сунушун четке кагат. Сатып алуучу уюмдун/Агенттин ушул бөлүккө ылайык берүүчүнүн сунушун четке кагуу чечими, мындай чечимдин себептери сатып алуулардын жол-жоболору протоколуна киргизилет.

(КР 2023-жылдын 30-январындагы № 19, 2026-жылдын 6-августундагы № 144 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112361/st-23)  
Кийинки берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112361/st-25)
