# 14-берене. Чектелбеген ыкма

- Документ: [Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112361)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 27 "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 27
- Кабыл алынган күнү: 14.04.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [ЗАКОН Кыргызской Республики от 30 января 2023 года № 19 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/112472)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112361#diff=1279679..1279680>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112361/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112361/edition/1279679/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112361/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө, 14-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112361/st-14

---

1. Чектелбеген метод товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу предметинин квалификациялык маалыматтары, техникалык жана сапаттык мүнөздөмөлөрү контрактты натыйжалуу аткаруу үчүн негизги критерийлер болуп саналганда, же сатып алуу предметинин спецификалык техникалык жана сапаттык мүнөздөмөлөрүн алдын ала аныктоого мүмкүн болбогон учурларында колдонулат.

2. Чектелбеген метод менен сатып алуулар төмөнкүдөй метод менен жүзөгө ашырылат:

1) эки пакеттүү метод;

2) сүйлөшүү методу менен.

3. Эки пакеттүү метод квалификациялык маалыматтар жана техникалык жана сапаттык мүнөздөмөлөр контрактты натыйжалуу аткаруу үчүн негизги критерийлер болуп саналган учурларда жана баалоо белгиленген критерийлер боюнча жүргүзүлгөндө колдонулат.

4. Сүйлөшүү методу төмөнкүчө жүргүзүлөт, эгерде:

1) сатып алынуучу товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн спецификалык техникалык жана сапаттык мүнөздөмөлөрүн алдын ала аныктоо мүмкүн болбосо жана бул үчүн сатып алуучу уюмдун керектөөлөрүн алды канча канааттандыруучу техникалык шарттар боюнча чечимдерди кабыл алуу максатында берүүчүлөр менен талкуулоо зарыл. Талкуулоо техникалык спецификациялар жана аткаруу методдору боюнча гана жүргүзүлөт;

2) сатып алуу предмети болуп изилдөө, эксперимент, илимий корутундуну даярдоо же болбосо башка адистештирилген кызмат көрсөтүүлөр саналат.

(КР 2023-жылдын 30-январындагы № 19 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112361/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112361/st-15)
