# 3-берене

- Документ: [Жерди пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112359)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-апрели № 22 "Жерди пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 22
- Кабыл алынган күнү: 01.04.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112359/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3147/edition/1181678/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112359/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жерди пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 3-берене (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112359/st-3

---

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ("Эркин Тоо" газетасы, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-123) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 212-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жер мунапысынын объекттерине туура келген жерлерди кошпогондо, жер участогун өзүм билемдик менен ээлеп алуу, өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу менен же аны колдоном деп коркутуу менен коштолсо жана (же) максаттуу багытын бузуу менен айыл чарба багытындагы жерлерге өзүм билемдик менен курулуш куруу, - беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.";

2) 306-берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Этиятсыздыктан жерди ууландырууга, булгоого же башкача түрдө бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жер мунапысынын объекттерине туш келген жерлерди кошпогондо, чоң аянттардагы түшүмдүү жерди жок кылууга, же болбосо башка олуттуу залал келтирүүгө алып келүүчү уулуу химикаттарды, өсүмдүктөрдүн өсүүсүнө түрткү берүүчү жана башка коркунучтуу химиялык же биологиялык заттарды сактоо, пайдалануу жана ташуу эрежелерин атайылап же этиятсыздыктан бузуу, -".

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112359/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112359/st-4)
