# 2-берене

- Документ: [Жерди пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112359)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-апрели № 22 "Жерди пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 22
- Кабыл алынган күнү: 01.04.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112359/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3147/edition/1181678/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112359/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жерди пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 2-берене (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112359/st-2

---

Кыргыз Республикасынын Токой кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 12, 534-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 11-беренеде:

а) биринчи бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын токой фондусу жер мунапысынын объекттерин кошпогондо, мамлекеттин гана менчигинде болот.";

б) 11-берене төмөнкүдөй редакциядагы төртүнчү бөлүк менен толукталсын:

"Токой фондусунун жер мунапыс объекттерине туура келген жерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которулган (трансформацияланган) деп эсептелет.";

2) 14-берененин биринчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Токой фондусунун участоктору жер мунапысынын объекттерине туура келген токой фондусунун жерлерин кошпогондо, Кыргыз Республикасынын уюмдарына жана жарандарына, чет өлкөлүк юридикалык жактарга жана жарандарга, ошондой эле эл аралык уюмдарга ушул Кодекстин 48-беренесинде каралган максаттар үчүн пайдаланууга берилиши мүмкүн.".

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112359/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112359/st-3)
