# 9-берене. Калктуу конуштардын жерлеринде өзүм билемдик менен курулган курулуштарды бекитүү

- Документ: [Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы КР 2022-жылдын 1-апрелиндеги № 21 "Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112356)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-апрелиндеги № 21 "Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы КР 2022-жылдын 1-апрелиндеги № 21 "Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 21
- Кабыл алынган күнү: 01.04.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112356/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112356/edition/1271115/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112356/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы КР 2022-жылдын 1-апрелиндеги № 21 "Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө, 9-берене (14.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112356/st-9

---

1. Калктуу конуштардын жеке турак үй куруу үчүн белгиленген тартипте берилген жерлерде курулушка документтерди жол-жоболоштуруу менчик ээсинин же анын өкүлүнүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним катына ылайык, архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылуусунун негизинде жүргүзүлөт.

2. Курулуштун башкы пландарынын жана схемаларынын жоктугуна же курулуштун башкы планында жана схемаларында жер участогунун жок экендигине байланыштуу, белгиленген тартипте берилген жер участокторунда жеке турак үйдүн долбоордук документтерин макулдашуудан баш тартууга жол берилбейт.

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112356/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112356/st-10)
