# 3-берене. Ушул Мыйзамдын колдонулушу

- Документ: [Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы КР 2022-жылдын 1-апрелиндеги № 21 "Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112356)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-апрелиндеги № 21 "Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы КР 2022-жылдын 1-апрелиндеги № 21 "Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 21
- Кабыл алынган күнү: 01.04.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112356/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112356/edition/1271115/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112356/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы КР 2022-жылдын 1-апрелиндеги № 21 "Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө, 3-берене (14.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112356/st-3

---

1. Ушул Мыйзам 2-беренеде каралган жер мунапысынын объектилерине багытталган.

2. Мыйзамдын колдонулушу төмөнкүлөргө жайылтылбайт:

1) газ түтүктөрү, жогорку чыңалуудагы электр өткөрүү линиялары жана жылуулук тармактары өткөн жерлерде, көрүстөндөрдү, мал көмүлгөн жерлерди, таштандыларды коргоо зонасында өзүм билемдик менен курулган жер участокторуна, социалдык-маданий, тиричилик багытындагы объектилерди куруу үчүн арналган жерлерге, калктуу конуштардын жалпы пайдалануудагы жерлерине;

2) экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык талаптарга жооп бербеген, аларга карата сот органдарынын тиешелүү чечимдери бар, табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдын зонасына кирген жер участокторуна, ошондой эле тарыхый-маданий мурас объектилери, ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк мурас объектилери бар жер участокторуна; маданий жана эс алуу парктарына, ботаникалык паркка;

3) "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери" жана "Суу фондунун жерлери" категорияларындагы жер участокторуна, ошондой эле үрөнчүлүк чарбалардын, асыл тукум чарбалардын, окуу-тажрыйба, айыл чарба илимий-изилдөө мекемелеринин жер участокторуна.

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112356/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112356/st-4)
