# 2-берене. Терминдер жана аныктамалар

- Документ: [Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы КР 2022-жылдын 1-апрелиндеги № 21 "Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112356)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-апрелиндеги № 21 "Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы КР 2022-жылдын 1-апрелиндеги № 21 "Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 21
- Кабыл алынган күнү: 01.04.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 14 июля 2026 года № 111 «О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики «О регулировании земельно-правовых отношений»](https://aqlex.ai/kg/doc/230048791)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112356#diff=36511..56170>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112356/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112356/edition/1271115/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112356/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы КР 2022-жылдын 1-апрелиндеги № 21 "Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө, 2-берене (14.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112356/st-2

---

1) жер мунапысы - жер мунапысынын объектисине мыйзамдуу статус берүү боюнча бир жолку акция, ал өзүнө жер мунапысына туура келген жер мунапысынын объектилерине болгон менчик укуктарын бекитүүнү камтыйт;

2) жер мунапысынын субъектилери - мүлктүк укуктары ушул Мыйзамда белгиленген тартипте жер мунапысына туура келген Кыргыз Республикасынын жарандары, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;

3) жер мунапысынын объектилери - төмөнкүдөй жер участоктору:

а) өзүм билемдик менен курулган же бүтпөй калган жеке турак үйлөрү бар;

б) (КР 2026-жылдын 14-июлундагы № 111 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

в) (КР 2026-жылдын 14-июлундагы № 111 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

г) (КР 2026-жылдын 14-июлундагы № 111 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

д) багбанчылык-дача участоктору;

е) 2021-жылдын 1-декабрына чейин түзүлгөн, жеке турак үйлөр, анын ичинде курулушу бүтө элек объектилер жайгашкан, башаламан курулуштар бар участоктордун тобунун курамына кирген, ошондой эле 2025-жылдын 1-июлун кошуп алганга чейин берилген жарандардын арыздары боюнча кандайдыр бир курулмалары жок жер участоктору;

4) ыйгарым укуктуу органдар - жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;

5) өзүм билемдик менен курулган же бүтпөй калган жеке турак үйлөр - "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин жеке турак жай курулушун жөнгө салуучу мыйзамда белгиленген тартипте бөлүнүп берилбеген жер участогунда жеке турак үй куруу үчүн негизсиз тургузулган объектилер.

6) (КР 2026-жылдын 14-июлундагы № 111 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

7) башаламан курулуштар бар участоктордун тобунун курамына кирген жер участоктору – 2021-жылдын 1-декабрына чейин жеке турак үйлөр (анын ичинде курулушу бүтө элек объектилер) курулган жер участокторунун жыйындысы, ошондой эле бири бирине чектешкен жана (же) аймактык жактан байланышкан бирдиктүү тышкы чек араларын аныктоону талап кылуучу, кандайдыр бир курулмалары жок жер участоктору.

(КР 2026-жылдын 14-июлундагы № 111 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112356/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112356/st-3)
