# 10-берене. Жер мунапысына туура келген жерлерди которуу (трансформациялоо)

- Документ: [Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы КР 2022-жылдын 1-апрелиндеги № 21 "Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112356)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-апрелиндеги № 21 "Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы КР 2022-жылдын 1-апрелиндеги № 21 "Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 21
- Кабыл алынган күнү: 01.04.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 14 июля 2026 года № 111 «О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики «О регулировании земельно-правовых отношений»](https://aqlex.ai/kg/doc/230048791)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112356#diff=36511..56170>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112356/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112356/edition/1271115/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112356/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы КР 2022-жылдын 1-апрелиндеги № 21 "Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө, 10-берене (14.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112356/st-10

---

1. Ушул Мыйзамдын 2-беренесинде көрсөтүлгөн жер участоктору, ошондой эле аларга жанаша жайгашкан каттам жолдору катары же болбосо маданий-тиричилик керектөөлөрдү канааттандыруу үчүн иш жүзүндө пайдаланылуучу жерлер (жолдор, көчөлөр, тротуарлар, жол боюндагы жер тилкелери, жашыл өсүмдүктөр, автомобиль жолдорунун боюнда жайгашкан жана жээктеп өткөн арык жана башка сугат түйүндѳрү, өтмөктөр, токой парктары, эс алуу парктары, бульварлар, скверлер жана башкалар), багбанчылык-дачалык жер участокторун кошпогондо, жергиликтүү мамлекеттик администрация же шаардын мэриясы тарабынан жер мунапысынын объекттерине туура келген жерлердин тизмегин бекитүү жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которулду (трансформацияланды) деп эсептелет.

2. Ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык жер мунапысынын жол-жоболорун колдонууда айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайдасынын орду толтурулбайт.

3. Ушул Мыйзам менен жөнгө салынуучу жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

(КР 2026-жылдын 14-июлундагы № 111 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112356/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112356/st-11)
