# КР 2022-жылдын 24-февралындагы № 16 "2021-жылдын 12-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Кувейт араб экономикалык өнүктүрүү фондунун ортосунда Ысык-Көл айланма автомобиль жолунун (Корумду-Балбай участогу) долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2022-жылдын 24-февралындагы № 16 "2021-жылдын 12-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Кувейт араб экономикалык өнүктүрүү фондунун ортосунда Ысык-Көл айланма автомобиль жолунун (Корумду-Балбай участогу) долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 16
- Кабыл алынган күнү: 24.02.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.02.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112351>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3139/edition/1134299/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112351.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.02.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2022-жылдын 24-февралындагы № 16 "2021-жылдын 12-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Кувейт араб экономикалык өнүктүрүү фондунун ортосунда Ысык-Көл айланма автомобиль жолунун (Корумду-Балбай участогу) долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" мыйзамы (26.02.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112351

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2022-жылдын 24-февралы № 16 2021-жылдын 12-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Кувейт араб экономикалык өнүктүрүү фондунун ортосунда Ысык-Көл айланма автомобиль жолунун (Корумду-Балбай участогу) долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112351/st-1)

2021-жылдын 12-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Кувейт араб экономикалык өнүктүрүү фондунун ортосунда Ысык-Көл айланма автомобиль жолунун (Корумду-Балбай участогу) долбоору боюнча кредиттик макулдашуу ратификациялансын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112351/st-2)

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Кувейт араб экономикалык өнүктүрүү фондуна Кредиттик макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112351/st-3)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров

2022-жылдын 2-февралында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
