# КР 2022-жылдын 2022-жылдын 24-февралындагы № 15 "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2022-жылдын 2022-жылдын 24-февралындагы № 15 "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 24.02.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.02.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112350>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3138/edition/1136009/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112350.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.02.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2022-жылдын 2022-жылдын 24-февралындагы № 15 "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (24.02.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112350

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2022-жылдын 24-февралы № 15 "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112350/st-1)

"Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1998-ж., № 8, 248-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 25-статьянын 2-пунктунун экинчи-сегизинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- кыймылдаткычынын кубаттуулугу 77,2 кВтга чейинки дөңгөлөктүү жана каз тамандуу тракторлорду, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды ("А" категориясы) - он алты жашка чыккан адамдарга;

- кыймылдаткычынын кубаттуулугу 77,2 кВтдан жогору дөңгөлөктүү жана каз тамандуу тракторлорду, өзү жүрүүчү айыл чарба, мелиоративдик, жер казуучу, жол-курулуштук машиналарды, анын ичинде сузгучунун көлөмү 2 куб.м чейинки экскаваторлорду жана жүктөгүчтөрдү ("В" категориясы) - "А" графасында уруксат берилген белгилери жана тракторист-машинист болуп иштеген бир жылдык үзгүлтүксүз стажы бар он жети жашка чыккан адамдарга;

- мелиоративдик, жер казуучу, жол-курулуштук машиналарды, анын ичинде сузгучунун көлөмү 2 куб.м жогору экскаваторлорду жана жүктөгүчтөрдү ("Г" категориясы) - "А", "В" графаларында уруксат белгилери жана тракторист-машинист болуп иштеген эки жылдык үзгүлтүксүз иш стажы бар он сегиз жашка чыккан адамдарга;".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112350/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 1-мартындагы N 22 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров

2022-жылдын 26-январында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
