# 9-берене. Кол өнөрчүлүк продукцияларды жана жумуштарды жекелештирүү

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы кол өнөрчүлүк иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112349)
- Толук аталышы: КР 2022-жылдын 8-февралындагы № 14 "Кыргыз Республикасындагы кол өнөрчүлүк иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 08.02.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.02.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112349/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3137/edition/1155706/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112349/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.02.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы кол өнөрчүлүк иш жөнүндө, 9-берене (08.02.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112349/st-9

---

1. Чебер өзү, анын шакирттери даярдаган товарларга башка кол өнөрчүлөрдүн товарларынан айырмалоого мүмкүн болгон атайын белги (эн тамга) кое алат.

2. Кол өнөрчүлүк уюмдар жамааттык эн тамганы пайдалана алышат, аны уюмдун мүчөсү болуп саналган жана мындай эн тамганы пайдалануу укугу тиешелүү чечим менен берилген кол өнөрчүлүк субъекттер гана пайдаланууга укуктуу.

3. Кол өнөрчүлүк субъекттер - юридикалык жактар жамааттык эн тамганы пайдалана алышат, аны уюмдун кызматкери болуп саналган жана мындай эн тамганы пайдалануу укугу тиешелүү чечим менен берилген кол өнөрчүлөр гана пайдаланууга укуктуу.

4. Кол өнөрчүлүк субъекттеринин эн тамгалары бири-биринен айырмаланып туруусу керек, интеллектуалдык менчик жана салттуу билимдерди коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталууга тийиш.

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112349/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112349/st-10)
