# 8-берене. Чебер

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы кол өнөрчүлүк иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112349)
- Толук аталышы: КР 2022-жылдын 8-февралындагы № 14 "Кыргыз Республикасындагы кол өнөрчүлүк иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 08.02.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.02.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112349/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3137/edition/1155706/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112349/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.02.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы кол өнөрчүлүк иш жөнүндө, 8-берене (08.02.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112349/st-8

---

1. Чебер төмөнкүлөргө укуктуу:

1) шакирттерди товарларды даярдоого, жумуштарды аткарууга жана кызматтарды көрсөтүүгө тартууга;

2) шакирттерди өзүнүн өнөрүнө үйрөтүүгө;

3) жүргүзүлүп жаткан кол өнөрчүлүк иштин багытына ылайык келген эмгек продукциясын өндүрүүгө, ошондой эле аларды өз алдынча, же болбосо башкача түрдө сатууга;

4) өндүрүлүүчү товарлардын, жумуштардын жапа кызмат көрсөтүүлөрдүн бааларын аныктоого;

5) чакан ишкердиктин субъекттери үчүн белгиленген бардык жеңилдиктерден пайдаланууга.

Чебер ишкердик ишти өзү билгендей уюштурат.

2. Чебер төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) даярдалып жаткан товарлардын, аткарылып жаткан жумуштардын жана көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатын талаптагыдай камсыз кылууга;

2) товарларды даярдоого, жумуштарды аткарууга, кызматтарды көрсөтүүгө түздөн- түз өзү катышууга;

3) шакирттердин ишине контроль жүргүзүүгө;

4) шакирттерди ак ниеттүүлүк менен кесиптик окутуп-үйрөтүүгө.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112349/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112349/st-9)
