# 7-берене. Кол өнөрчүлүк субъекттеринин укуктары жана милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы кол өнөрчүлүк иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112349)
- Толук аталышы: КР 2022-жылдын 8-февралындагы № 14 "Кыргыз Республикасындагы кол өнөрчүлүк иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 08.02.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.02.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112349/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3137/edition/1155706/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112349/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.02.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы кол өнөрчүлүк иш жөнүндө, 7-берене (08.02.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112349/st-7

---

1. Кол өнөрчүлүк субъекттери төмөнкүлөргө укуктуу:

1) кол өнөрчүлүк продукциясын өндүрүүгө жана ушул продукцияга ээлик кылууга;

2) шакирт-практикантты кол өнөрчүлүк продукцияны өндүрүү процессине жана башка тиешелүү жумуштарды аткарууга өз алдынча тартууга;

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган талаптардын алкагында жекече же топтук түрдө шакирт-практикантты окутууга;

4) өзү даярдаган, өндүргөн же өз алдынча жасаган продукциясынын баасын аныктоого;

5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жеңилдиктерден пайдаланууга;

6) кол өнөрчүлүк маселелери боюнча ар кандай деңгээлдеги иш-чараларга катышууга;

7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бирикмелерди түзүүгө;

8) кол өнөрчүлүк чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кол өнөрчүлүк чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча сунуштарды берүүгө.

2. Кол өнөрчүлүк субъекттери төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга жооп берген товарларды жана продукцияларды өндүрүүнүн сапатын камсыз кылууга;

2) шакирт-практиканттын иш жүргүзүү процессин контролдоого;

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка милдеттерди аткарууга.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112349/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112349/st-8)
