# 5-берене. Кол өнөрчүлүк чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыйгарым укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы кол өнөрчүлүк иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112349)
- Толук аталышы: КР 2022-жылдын 8-февралындагы № 14 "Кыргыз Республикасындагы кол өнөрчүлүк иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 08.02.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.02.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112349/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3137/edition/1155706/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112349/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.02.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы кол өнөрчүлүк иш жөнүндө, 5-берене (08.02.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112349/st-5

---

Кол өнөрчүлүк чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:

1) кол өнөрчүлүк чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;

2) кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программалардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине берүү;

3) кол өнөрчүлүк чөйрөсүндөгү тиешелүү ички жана тышкы субъекттер менен кызматташтыкты жана өнөктөштүктү жөндөө;

4) кол өнөрчүлүк субъекттеринин ишин координациялоо;

5) кол өнөрчүлүккө байланыштуу конференцияларды, көргөзмө-жармаңкелерди жана сынактарды өткөрүү.

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112349/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112349/st-6)
