# 4-берене. Кол өнөрчүлүк ишти мамлекеттик колдоо

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы кол өнөрчүлүк иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112349)
- Толук аталышы: КР 2022-жылдын 8-февралындагы № 14 "Кыргыз Республикасындагы кол өнөрчүлүк иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 08.02.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.02.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112349/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3137/edition/1155706/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112349/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.02.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы кол өнөрчүлүк иш жөнүндө, 4-берене (08.02.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112349/st-4

---

1. Кол өнөрчүлүккө мамлекеттик колдоо көрсөтүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

2. Мамлекеттик бийликтин борбордук жана жергиликтүү органдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жагымдуу өндүрүштүк шарттарды түзүү, товарларды сатуу жана өндүрүлгөн продукциялардын көргөзмөлөрүн уюштуруу, чийки зат менен камсыз кылуу жана аларды колдоо боюнча башка чараларды жүзөгө ашыруу жолу менен кол өнөрчүлүк субъекттеринин демилгелерин колдойт.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кол өнөрчүлүк иш чөйрөсүндөгү компетенциясына төмөнкүлөр кирет:

1) мамлекеттик саясатты жүргүзүү;

2) кол өнөрчүлүк ишти өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаларды бекитүү;

3) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды аныктоо;

4) кол өнөрчүлөрдүн реестрин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү;

5) кол өнөрчүлүк иштин түрлөрүнүн тизмегин бекитүү;

6) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген тартипте салык жеңилдиктерин берүү;

7) мамлекеттик менчикте турган жайлардын ижара акысынын төмөндөтүлгөн ставкаларын белгилөө;

8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык өндүрүштүк жана окуу ишин жүзөгө ашыруу үчүн мүлктүк колдоо көрсөтүү;

9) кол өнөрчүлүк ишти жүзөгө ашырууга стартап үчүн жеңилдетилген ссудаларды берүү.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112349/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112349/st-5)
