4-берене. Кол өнөрчүлүк ишти мамлекеттик колдоо
Күчүндө · 08.02.2022 редакциясы
1. Кол өнөрчүлүккө мамлекеттик колдоо көрсөтүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
2. Мамлекеттик бийликтин борбордук жана жергиликтүү органдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жагымдуу өндүрүштүк шарттарды түзүү, товарларды сатуу жана өндүрүлгөн продукциялардын көргөзмөлөрүн уюштуруу, чийки зат менен камсыз кылуу жана аларды колдоо боюнча башка чараларды жүзөгө ашыруу жолу менен кол өнөрчүлүк субъекттеринин демилгелерин колдойт.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кол өнөрчүлүк иш чөйрөсүндөгү компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) мамлекеттик саясатты жүргүзүү;
2) кол өнөрчүлүк ишти өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаларды бекитүү;
3) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды аныктоо;
4) кол өнөрчүлөрдүн реестрин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү;
5) кол өнөрчүлүк иштин түрлөрүнүн тизмегин бекитүү;
6) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген тартипте салык жеңилдиктерин берүү;
7) мамлекеттик менчикте турган жайлардын ижара акысынын төмөндөтүлгөн ставкаларын белгилөө;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык өндүрүштүк жана окуу ишин жүзөгө ашыруу үчүн мүлктүк колдоо көрсөтүү;
9) кол өнөрчүлүк ишти жүзөгө ашырууга стартап үчүн жеңилдетилген ссудаларды берүү.
Берененин тексти 08.02.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112349/st-4" title="4-берене - Кыргыз Республикасындагы кол өнөрчүлүк иш жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>