# КР 2022-жылдын 8-февралындагы № 14 "Кыргыз Республикасындагы кол өнөрчүлүк иш жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2022-жылдын 8-февралындагы № 14 "Кыргыз Республикасындагы кол өнөрчүлүк иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 08.02.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.02.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112349>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3137/edition/1155706/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112349.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.02.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2022-жылдын 8-февралындагы № 14 "Кыргыз Республикасындагы кол өнөрчүлүк иш жөнүндө" Мыйзамы (08.02.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112349

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2022-жылдын 8-февралы № 14 Кыргыз Республикасындагы кол өнөрчүлүк иш жөнүндө

### [1-берене. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети](https://aqlex.ai/kg/doc/112349/st-1)

1. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасындагы кол өнөрчүлүк ишти жүзөгө ашыруудан келип чыгуучу мамилелерди жөнгө салат.

2. Кол өнөрчүлүк иш жаатындагы мамилелерди жөнгө салуунун укуктук негизи Кыргыз Республикасынын Конституциясы, чакан жана орто ишкердик субъекттеринин ишин регламенттөөчү ченемдик укуктук актылар жана башка ченемдик укуктук актылар болуп саналат.

### [2-берене. Ушул Мыйзамдын негизги милдеттери](https://aqlex.ai/kg/doc/112349/st-2)

Ушул Мыйзамдын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) кол өнөрчүлүк искусствосунун тарыхый жана байыркы салттарын, улуттук маданиятты жана мурасты жандандыруу, коргоо, өнүктүрүү жана жайылтуу;

2) кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;

3) кол өнөрчүлүктүн өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү;

4) кол өнөрчүлүк чөйрөсүндө адистерди даярдоо;

5) кол өнөрчүлүк чөйрөсүндө жаңы жумуш орундарын уюштурууга көмөктөшүү.

### [3-берене. Негизги түшүнүктөр](https://aqlex.ai/kg/doc/112349/st-3)

Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:

1) кол өнөрчүлүк иш (кол өнөрчүлүк) - бул майда партияда, дааналап, анын ичинде, өзгөчө билимди, көндүмдү, жөндөмдү, атайын технологияларды, каада-салттарды, сырларды пайдалануу менен жеке буйрутмалар боюнча артыкчылыктуу керектөөчүлүк багыттагы товарларды, жумуштарды өндүрүү, кызматтарды көрсөтүү боюнча кесиптик иштин түрү.

Кол өнөрчүлүк ишке массалык, ири сериялык жана сериялык өндүрүү кирбейт.

2) кол өнөрчүлүк иштин субъекттери - кол өнөрчүлүк ишти жүзөгө ашыруучу жеке жана юридикалык жактар.

3) кол өнөрчү - билимге, көндүмгө, чеберчиликке, жана (же) кесиптик адистикке ээ болгон, кол өнөрчүлүк иш менен алектенген жеке адам.

4) кол өнөрчүлүк уюм - кесиптик белгилери бир же бир нече окшош кесиптердин чеберлерин - кол өнөрчүлөрүн бириктирген уюм.

Кол өнөрчүлүк уюмдардын уюштуруучулук-укуктук формасы жана башкаруу органдарын түзүү компетенциясы жана тартиби, мүлкүн түзгөн булактары, уюштуруучуларынын (мүчөлөрүнүн) укуктары жана милдеттери жана кол өнөрчүлүк уюмдарынын ишине тиешелүү башка жоболору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруу документтери менен аныкталат.

5) чебер - өз ишинде жогорку чеберчиликке жеткен, ага квалификация ыйгарылгандыгы жөнүндө сертификат алган, товарларды өндүрүү жана жумуштарды аткаруу үчүн шакирттерди тартуучу, жеке эн тамгага укугу бар, кандайдыр бир кол өнөрчүлүк салтынын улантуучусу болуп саналган кол өнөрчү. Чебердин квалификациясынын деңгээлин ырастоочу сертификат көз карандысыз аккредиттелген уюм тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте берилет.

### [4-берене. Кол өнөрчүлүк ишти мамлекеттик колдоо](https://aqlex.ai/kg/doc/112349/st-4)

1. Кол өнөрчүлүккө мамлекеттик колдоо көрсөтүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

2. Мамлекеттик бийликтин борбордук жана жергиликтүү органдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жагымдуу өндүрүштүк шарттарды түзүү, товарларды сатуу жана өндүрүлгөн продукциялардын көргөзмөлөрүн уюштуруу, чийки зат менен камсыз кылуу жана аларды колдоо боюнча башка чараларды жүзөгө ашыруу жолу менен кол өнөрчүлүк субъекттеринин демилгелерин колдойт.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кол өнөрчүлүк иш чөйрөсүндөгү компетенциясына төмөнкүлөр кирет:

1) мамлекеттик саясатты жүргүзүү;

2) кол өнөрчүлүк ишти өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаларды бекитүү;

3) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды аныктоо;

4) кол өнөрчүлөрдүн реестрин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү;

5) кол өнөрчүлүк иштин түрлөрүнүн тизмегин бекитүү;

6) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген тартипте салык жеңилдиктерин берүү;

7) мамлекеттик менчикте турган жайлардын ижара акысынын төмөндөтүлгөн ставкаларын белгилөө;

8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык өндүрүштүк жана окуу ишин жүзөгө ашыруу үчүн мүлктүк колдоо көрсөтүү;

9) кол өнөрчүлүк ишти жүзөгө ашырууга стартап үчүн жеңилдетилген ссудаларды берүү.

### [5-берене. Кол өнөрчүлүк чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыйгарым укуктары](https://aqlex.ai/kg/doc/112349/st-5)

Кол өнөрчүлүк чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:

1) кол өнөрчүлүк чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;

2) кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программалардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине берүү;

3) кол өнөрчүлүк чөйрөсүндөгү тиешелүү ички жана тышкы субъекттер менен кызматташтыкты жана өнөктөштүктү жөндөө;

4) кол өнөрчүлүк субъекттеринин ишин координациялоо;

5) кол өнөрчүлүккө байланыштуу конференцияларды, көргөзмө-жармаңкелерди жана сынактарды өткөрүү.

### [6-берене. Кол өнөрчүлөрдүн реестри](https://aqlex.ai/kg/doc/112349/st-6)

Кол өнөрчүлөрдүн реестри төмөнкүлөр үчүн түзүлөт:

1) кол өнөрчүлүк субъекттери жөнүндө маалыматтарды сактоо жана актуалдаштыруу жана ага ыкчам жетүүнү камсыз кылуу;

2) кол өнөрчүлүк субъекттерине жеңилдиктерди жана өзгөчө жеңилдиктерди берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;

3) кол өнөрчүлүк ишти өнүктүрүү келечектерин жана тенденцияларын аныктоо боюнча аналитикалык маселелерди чечүү;

4) кол өнөрчүлүк субъекттерине тандалма жана толук масштабдуу сурамжылоолорду жүргүзүү.

### [7-берене. Кол өнөрчүлүк субъекттеринин укуктары жана милдеттери](https://aqlex.ai/kg/doc/112349/st-7)

1. Кол өнөрчүлүк субъекттери төмөнкүлөргө укуктуу:

1) кол өнөрчүлүк продукциясын өндүрүүгө жана ушул продукцияга ээлик кылууга;

2) шакирт-практикантты кол өнөрчүлүк продукцияны өндүрүү процессине жана башка тиешелүү жумуштарды аткарууга өз алдынча тартууга;

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган талаптардын алкагында жекече же топтук түрдө шакирт-практикантты окутууга;

4) өзү даярдаган, өндүргөн же өз алдынча жасаган продукциясынын баасын аныктоого;

5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жеңилдиктерден пайдаланууга;

6) кол өнөрчүлүк маселелери боюнча ар кандай деңгээлдеги иш-чараларга катышууга;

7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бирикмелерди түзүүгө;

8) кол өнөрчүлүк чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кол өнөрчүлүк чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча сунуштарды берүүгө.

2. Кол өнөрчүлүк субъекттери төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга жооп берген товарларды жана продукцияларды өндүрүүнүн сапатын камсыз кылууга;

2) шакирт-практиканттын иш жүргүзүү процессин контролдоого;

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка милдеттерди аткарууга.

### [8-берене. Чебер](https://aqlex.ai/kg/doc/112349/st-8)

1. Чебер төмөнкүлөргө укуктуу:

1) шакирттерди товарларды даярдоого, жумуштарды аткарууга жана кызматтарды көрсөтүүгө тартууга;

2) шакирттерди өзүнүн өнөрүнө үйрөтүүгө;

3) жүргүзүлүп жаткан кол өнөрчүлүк иштин багытына ылайык келген эмгек продукциясын өндүрүүгө, ошондой эле аларды өз алдынча, же болбосо башкача түрдө сатууга;

4) өндүрүлүүчү товарлардын, жумуштардын жапа кызмат көрсөтүүлөрдүн бааларын аныктоого;

5) чакан ишкердиктин субъекттери үчүн белгиленген бардык жеңилдиктерден пайдаланууга.

Чебер ишкердик ишти өзү билгендей уюштурат.

2. Чебер төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) даярдалып жаткан товарлардын, аткарылып жаткан жумуштардын жана көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатын талаптагыдай камсыз кылууга;

2) товарларды даярдоого, жумуштарды аткарууга, кызматтарды көрсөтүүгө түздөн- түз өзү катышууга;

3) шакирттердин ишине контроль жүргүзүүгө;

4) шакирттерди ак ниеттүүлүк менен кесиптик окутуп-үйрөтүүгө.

### [9-берене. Кол өнөрчүлүк продукцияларды жана жумуштарды жекелештирүү](https://aqlex.ai/kg/doc/112349/st-9)

1. Чебер өзү, анын шакирттери даярдаган товарларга башка кол өнөрчүлөрдүн товарларынан айырмалоого мүмкүн болгон атайын белги (эн тамга) кое алат.

2. Кол өнөрчүлүк уюмдар жамааттык эн тамганы пайдалана алышат, аны уюмдун мүчөсү болуп саналган жана мындай эн тамганы пайдалануу укугу тиешелүү чечим менен берилген кол өнөрчүлүк субъекттер гана пайдаланууга укуктуу.

3. Кол өнөрчүлүк субъекттер - юридикалык жактар жамааттык эн тамганы пайдалана алышат, аны уюмдун кызматкери болуп саналган жана мындай эн тамганы пайдалануу укугу тиешелүү чечим менен берилген кол өнөрчүлөр гана пайдаланууга укуктуу.

4. Кол өнөрчүлүк субъекттеринин эн тамгалары бири-биринен айырмаланып туруусу керек, интеллектуалдык менчик жана салттуу билимдерди коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталууга тийиш.

### [10-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кирүүсү](https://aqlex.ai/kg/doc/112349/st-10)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров

2021-жылдын 22-декабрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
