Аккаунтту тууралаңыз

91-берене. Атайын жөнгө салуучу режимдердин алкагында убактылуу жөнгө салуу

Күчүндө · 19.01.2026 редакциясы · 2-глава

Берененин тексти 19.01.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.

91-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?

ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.

Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.

Берененин өзгөртүүлөр тарыхы

Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.

  1. Закон КР от 19 января 2026 года № 3 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О виртуальных активах"Редакцияларды салыштыруу
19.01.2026 редакциясында эмне өзгөрдү

Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.

кошулду: Атайын жөнгө салуучу режимдердин алкагында убактылуу жөнгө салуу 1. Виртуалдык активдер чөйрөсүндө инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды киргизүүгө байланыштуу коомдук мамилелерди укуктук жөнгө салууну апробациялоо максатында Кыргыз Республикасынын Президенти белгилүү бир мөөнөткө Кыргыз Республикасынын айрым аймагында атайын жөнгө салуучу режимдин (жөнгө салуучу пилоттук чөйрөнүн алкагында) алкагында пилоттук жөнгө салууну белгилөөгө укуктуу. Атайын жөнгө салуучу режим деп виртуалдык активдер рыногунда инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды киргизүү менен алектенген катышуучуларга аларды чектелген контролдонуучу чөйрөдө (аймак боюнча, убакыт боюнча, операциялардын жана пайдалануучулардын саны жана көлөмү боюнча жана башкалар боюнча) апробациялоого мүмкүндүк берген эрежелердин жыйындысы түшүнүлөт. Атайын жөнгө салуучу режимдин алкагында инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды киргизүү боюнча пилоттук жөнгө салууну киргизүү жана аны ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталат. 2. Кыргыз Республикасынын Президенти виртуалдык активдер боюнча кызмат көрсөтүүчүлөрдүн жана атайын жөнгө салуучу режимге катышкан башка юридикалык жактардын ишине коюлуучу талаптарды белгилейт. 3. Атайын жөнгө салуучу режимдин алкагында, атайын жөнгө салуучу режимге катышуусуна жана/же атайын жөнгө салуучу режимге катышууга байланыштуу аларга кыйла пайдалуу шарттарды камсыз кылган айрым юридикалык жактарга преференцияларды берүүгө жол берилбейт. 4. Атайын жөнгө салуучу режимдин алкагында инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды апробациялоонун натыйжасы боюнча ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду сунуштай алат. 5. Кыргыз Республикасынын Президенти атайын жөнгө салуучу режимдин (жөнгө салуучу пилоттук чөйрөнүн алкагында) иштешинин жалпы саясатын жана алкактык принциптерин аныктайт, ал эми ыйгарым укуктуу орган пилоттук долбоорлорду түздөн-түз ишке ашырууну, башкарууну жана контролдоону жүзөгө ашырат. 6. Виртуалдык активдер менен операциялар үчүн атайын жөнгө салуучу режимдин алкагында лицензияларды берүү, токтотуп туруу, кайтарып алуу жана токтотуп коюу тартиби, ошондой эле жөнгө салуу шарттары Кыргыз Республикасынын виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен белгиленет. (Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 19-январындагы № 3 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Документте редакцияларды толук салыштыруу

Беренени өз сайтыңызга кошуу

Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:

<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112346/st-91" title="91-берене - Виртуалдык активдер жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>