# 8-берене. Виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү ишти мамлекеттик жөнгө салуунун жалпы принциптери

- Документ: [Виртуалдык активдер жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112346)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 21-январындагы № 12 "Виртуалдык активдер жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 12
- Кабыл алынган күнү: 21.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112346/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3134/edition/1220894/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112346/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Виртуалдык активдер жөнүндө, 8-берене (19.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112346/st-8

---

1. Виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү ишти мамлекеттик жөнгө салуунун жалпы принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) максатка ылайыктуулугу - технологиялык өнүктүрүүнү камсыз кылуу, тобокелдиктердин алдын алуу жана төмөндөтүү максатында виртуалдык активдерди жүгүртүүнү жөнгө салуунун негизделген зарылдыгы;

2) шайкештиги - бардык алгылыктуу альтернативаларды эске алуу менен виртуалдык активдерди жүгүртүүнү жөнгө салуу тобокелдиктеринин, формаларынын жана деңгээлинин шайкештиги;

3) балансташкандык - жөнгө салуу ишинде виртуалдык активдерди жүгүртүүгө катышуучулардын кызыкчылыгынын балансын камсыз кылуу;

4) болжолдонушу - жөнгө салуунун, анын ичинде ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоо боюнча пландардын ырааттуулугу, бул виртуалдык активдерди жүгүртүүнүн катышуучуларына ишин пландаштырууга мүмкүндүк берет.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө берилген принциптер виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуунун негизин түзөт.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112346/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112346/st-9)
