# 7-берене. Виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги багыттары

- Документ: [Виртуалдык активдер жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112346)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 21-январындагы № 12 "Виртуалдык активдер жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 12
- Кабыл алынган күнү: 21.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112346/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3134/edition/1220894/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112346/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Виртуалдык активдер жөнүндө, 7-берене (19.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112346/st-7

---

Виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги багыттары болуп төмөнкүлөр саналат:

1) виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү мамилелерди мамлекеттик жөнгө салуу;

2) виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүн өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;

3) бөлүштүрүлгөн реестрлер технологиясын, анын ичинде блокчейнди, смарт-контракттарды жана виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү ушундай башка технологияларды колдонуу менен ар башка субъекттер менен өз ара мамилелердин заманбап түрлөрүн этап-этабы менен жайылтуу;

4) виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салуунун ачык-айкындыгын камсыз кылуу;

5) виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү бардык катышуучулардын укуктарынын жана кызыкчылыктарынын бирдейлигин, ошондой эле аларды коргоонун ар тараптуу натыйжалуу механизмдерин камсыз кылуу;

6) виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндө ак ниетсиз атаандаштыктан коргоону камсыз кылуу;

7) бөлүштүрүлгөн реестрлер технологиясы, анын ичинде блокчейн жана виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндө жогору квалификациялуу кадрларды даярдоо;

8) бөлүштүрүлгөн реестрлер технологиясын, блокчейнди жана башка ушул сыяктуу инновациялык технологияларды ар башка тармактарга киргизүү жана аларды жайылтуунун жана колдонуунун натыйжасында келип чыгуучу мамилелерди жөнгө салуу боюнча иликтөөлөрдү жана изилдөөлөрдү жүргүзүү;

9) виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндө талаптагыдай көзөмөлдөө механизмдерин киргизүү жана колдонуу;

10) виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндө эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жана бекемдөө.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112346/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112346/st-8)
