# 6-берене. Виртуалдык активдерди жүгүртүүнүн өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Виртуалдык активдер жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112346)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 21-январындагы № 12 "Виртуалдык активдер жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 12
- Кабыл алынган күнү: 21.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112346/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3134/edition/1220894/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112346/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Виртуалдык активдер жөнүндө, 6-берене (19.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112346/st-6

---

1. Виртуалдык активдерге укукка ээ болуу жана ага өтүү шарттары смарт-контракттарга, бөлүштүрүлгөн реестрлер технологиясынын жана (же) ушул сыяктуу технологиянын алдын ала аныкталган алгоритмдерине жана функцияларына ылайык белгилениши мүмкүн, эгерде бул Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбесе, анда алар мындай технологиянын алкагында түзүлөт, сакталат жана жүгүртүлөт.

2. Виртуалдык активдердин жүгүртүлүшүнө жарандык укук объекттеринин жүгүртүлүшүнө колдонулуучу бардык чектөөлөр жайылтылат.

3. Виртуалдык актив арестте турган же жарандык жүгүртүүдөн алып салынган жарандык укук объекти менен камсыздалган учурда, мындай виртуалдык активди ажыратууга жол берилбейт жана мындай виртуалдык активди ажыратуу тууралуу ар кандай түзүлгөн макулдашуу жараксыз болуп саналат.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112346/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112346/st-7)
