# 37-берене. Виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү чектөөлөр

- Документ: [Виртуалдык активдер жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112346)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 21-январындагы № 12 "Виртуалдык активдер жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 12
- Кабыл алынган күнү: 21.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.01.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 19 января 2026 года № 3 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О виртуальных активах"](https://aqlex.ai/kg/doc/230038536)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112346#diff=35683..45021>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112346/st-37>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3134/edition/1220894/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112346/st-37.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Виртуалдык активдер жөнүндө, 37-берене (19.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112346/st-37

---

1. Ыйгарым укуктуу органдар виртуалдык активдердин баасы түшкөн же жоголгон учурда милдеттенмелерди алышпайт, ошондой эле наркынын ордун толтурбайт.

2. Мамлекет виртуалдык активдер боюнча кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүнүн милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.

3. Майнингди, эмиссияны, виртуалдык активдерди баштапкы жайгаштырууну жүзөгө ашыруучу жактардын жана виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүлөрдүн өздөрүнүн аталышында же символикасында "мамлекеттик", "государственный", "Кыргызстан", "Кыргыз", "кыргызский", "улуттук", "национальный", "Манас" деген сөздөрдү толук же кыскартылган түрдө, ар кандай тилде жана ар кандай айкалышта пайдаланууга, анын ичинде баш жана кичине тамгаларда же алардын айкалышында колдонууга тыюу салынат.

4. Майнингди, эмиссияны, виртуалдык активдерди баштапкы жайгаштырууну жүзөгө ашыруучу жактарды жана виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүлөрдү кошпогондо, юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге өздөрүнүн аталыштарында жана жарнама кампанияларында "виртуалдык актив", "криптовалюта", "санарип актив" деген сөздөрдү жана (же) сөз айкаштарын жана ушул сыяктуу сөздөрдү/сөз айкаштарын колдонууга тыюу салынат.

(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 19-январындагы № 3 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [36-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112346/st-36)  
Кийинки берене: [38-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112346/st-38)
