# 32-берене. Виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүлөргө карата колдонулуучу таасир этүү чаралары

- Документ: [Виртуалдык активдер жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112346)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 21-январындагы № 12 "Виртуалдык активдер жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 12
- Кабыл алынган күнү: 21.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112346/st-32>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3134/edition/1220894/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112346/st-32.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Виртуалдык активдер жөнүндө, 32-берене (19.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112346/st-32

---

1. Ыйгарым укуктуу орган виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүгө, анын уюштуруучуларына жана кызмат адамдарына карата таасир этүү чараларын колдонот. Таасир этүү чараларын колдонуунун максаты виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүнүн ишиндеги тобокелдиктерге алдын ала ыкчам аракеттенүү, кардарлардын жана башка керектөөчүлөрдүн таламдарын жана укуктарын коргоо болуп саналат.

2. Ушул Мыйзамда белгиленген ченемдерди, талаптарды жана чектөөлөрдү бузуу таасир көрсөтүү чараларын колдонуу үчүн негиз болуп саналат.

3. Таасир этүү чараларына төмөнкүлөр кирет:

1) жазма буйрук;

2) виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүлөргө жана алардын кызмат адамдарына айып пул;

3) виртуалдык активдер менен байланышкан кызмат көрсөтүүлөрдүн айрым түрлөрүн сунуштоого чектөөлөр;

4) лицензияны убактылуу токтотуу;

5) лицензияны кайра чакыртыл алуу.

4. Ыйгарым укуктуу орган виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүлөргө карата таасир этүү чараларын төмөнкү учурларда колдонот:

1) виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүнүн ишин жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу;

2) ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлүп жаткан көзөмөлдөө функцияларын жана текшерүүлөрдү жүргүзүүгө каршы аракеттенүү;

3) кардарлардын жана башка керектөөчүлөрдүн укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына коркунуч туудурган виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүлөрдүн аракеттери же аракетсиздиги;

4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга, лицензияны убактылуу токтотууга/кайра чакыртып алууга, виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүнү мажбурлап жоюуга же банкроттугуна алып келүүчү виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчү кызмат адамдарынын аракеттери же аракетсиздиги;

5) ыйгарым укуктуу органга же Улуттук банкка өз убагында эмес/ишенимдүү эмес/толук эмес отчетторду жана (же) башка маалыматтарды берүү же бербөө.

---

Мурунку берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112346/st-31)  
Кийинки берене: [33-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112346/st-33)
