30-берене. Виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүнүн ишин жүзөгө ашыруу укугуна лицензия берүү
Күчүндө · 19.01.2026 редакциясы · 6-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 19 января 2026 года № 3
1. Виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүлөрдүн ишин жүзөгө ашыруу укугуна лицензия алуу үчүн юридикалык жактар ыйгарым укуктуу органга лицензия берүү тууралуу арыз менен кайрылат.
Лицензия берүү тууралуу арызга төмөнкүдөй документтер жана маалыматтар тиркелет:
- юридикалык жак тарабынан күбөлөндүрүлгөн юридикалык жактын уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү;
- юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
- лицензия үчүн мамлекеттик алым төлөгөндүгүн тастыктаган документ;
- виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүнүн ушул Мыйзамдын 29-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган лицензиялык талаптарга ылайык келүүсүн ырастаган башка документтер жана маалыматтар.
2. Лицензия берүү жөнүндө арыз бир айдан ашпаган мөөнөттө каралат. Лицензия берүү тууралуу арызды кароо учурунда ыйгарым укуктуу орган маалыматты суратууга жана мамлекеттик органдар, анын ичинде чет өлкөлүк көзөмөлдөө органдары менен консультация өткөрүүгө укуктуу. Эгерде документтер талаптарга ылайык келбесе, мөөнөттү эсептөө ырастоочу документтерди алган күндөн тартып башталат. Кароонун натыйжалары боюнча лицензия берүү же берүүдөн баш тартуу тууралуу чечим кабыл алынат.
3. Сунушталган документтер жана маалыматтар ушул беренеде жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга ылайык келбеген учурда ыйгарым укуктуу орган лицензия берүүдөн баш тартат.
Лицензия берүүдөн баш тартылган учурда сунушталган документтер кайра кайтарылбайт.
4. Лицензия Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат, колдонуу мөөнөтү чектелбейт, ээси көрсөтүлөт (ажыратылбайт) жана үчүнчү жактарга берилбейт.
5. Виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчү ишин лицензиясыз жүзөгө ашыруусуна тыюу салынат.
6. Ыйгарым укуктуу органдар тиешелүү лицензиясы бар көзөмөлгө алынуучу виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүлөрдүн реестрин түзөт. Виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүлөрдүн реестри ыйгарым укуктуу органдын расмий интернет-сайттарында жарыяланат.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 19-январындагы № 3 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 19.01.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
30-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 19 января 2026 года № 3 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О виртуальных активах"Редакцияларды салыштыруу
19.01.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…тууралуу арызга төмөнкүдөй документтер жана маалыматтар тиркелет:
алынып салынды: 1) кошулду: - юридикалык жак тарабынан күбөлөндүрүлгөн юридикалык жактын алынып салынды: нотариалдык түрдө күбөлөндүрүлгөн уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү;
алынып салынды: 2) кошулду: - юридикалык жакты мамлекеттик каттоо кошулду: жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
алынып салынды: 3) кошулду: - лицензия үчүн мамлекеттик алым төлөгөндүгүн тастыктаган документ;
алынып салынды: 4) кошулду: - виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүнүн ушул Мыйзамдын … Сунушталган документтер жана маалыматтар ушул беренеде жана алынып салынды: Министрлер Кабинетинин кошулду: Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга ылайык келбеген … ыйгарым укуктуу органдын расмий интернет-сайттарында жарыяланат.
кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 19-январындагы № 3 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (4)
- Оптималдаштырууга, жөнөкөйлөтүүгө тийиштүү болгон уруксат берүү мүнөзүндөгү документтердин тизмеги (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 16-апрелиндеги № 144…Приложение · 16.04.2026 · № 144
- Виртуалдык активдердин тооругунун операторунун (криптобиржанын) иши жана Виртуалдык активдердин тооругунун операторлорунун (криптобиржалардын) реестрин жүргүзүү жөнүндө жобо…Положение · 16.09.2022 · № 514
- Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун иши жана Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторлорунун реестрин жүргүзүү жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер…Положение · 16.09.2022 · № 514
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 625 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү айрым…Постановление · 30.09.2025 · № 625
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112346/st-30" title="30-берене - Виртуалдык активдер жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>