# 29-берене. Виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүнүн ишин лицензиялоо

- Документ: [Виртуалдык активдер жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112346)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 21-январындагы № 12 "Виртуалдык активдер жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 12
- Кабыл алынган күнү: 21.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112346/st-29>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3134/edition/1220894/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112346/st-29.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Виртуалдык активдер жөнүндө, 29-берене (19.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112346/st-29

---

1. Виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүнүн ишин жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу орган тарабынан чектелбеген мөөнөткө лицензия берилет.

2. Виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүгө карата негизги лицензиялык талаптар:

1) Кыргыз Республикасынын аймагындагы серверлерде жайгашкан жана мыйзамдарда каралган талаптарга жооп берген, иштеген Платформанын болушу;

2) юридикалык жактын жетекчилеринин, уюштуруучуларынын жана бенефициардык ээлеринин ким экенин тастыктоочу документтердин көчүрмөсүнүн болушу;

3) виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүнүн техникалык-экономикалык негиздемесинин (бизнес-пландын), негизги саясаттарынын, жоболорунун жана жол-жоболорунун болушу;

4) лицензия үчүн мамлекеттик алым төлөнгөндүгүн тастыктаган документтин болушу;

5) виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүнүн ички контролдоо системасынын, техникалык, маалыматтык, технологиялык коргоо чараларынын болушу;

6) виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүнүн жеке маалыматтарын иштеп чыгуу, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо, иштин үзгүлтүксүздүгүн жана маалыматтан коопсуздугун (киберкоопсуздук) камсыздоо тартибин жөнгө салуучу эрежелердин жана жол-жоболордун болушу;

7) уставдык капиталдын түзүлгөн минималдуу өлчөмүнүн болушу.

3. Виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүнүн ишин жүзөгө ашыруу укугу юридикалык жакта лицензия берилген учурдан тартып келип чыгат.

---

Мурунку берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112346/st-28)  
Кийинки берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112346/st-30)
