# 28-берене. Криптобиржалардын иши

- Документ: [Виртуалдык активдер жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112346)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 21-январындагы № 12 "Виртуалдык активдер жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 12
- Кабыл алынган күнү: 21.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.01.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 19 января 2026 года № 3 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О виртуальных активах"](https://aqlex.ai/kg/doc/230038536)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112346#diff=35683..45021>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112346/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3134/edition/1220894/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112346/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Виртуалдык активдер жөнүндө, 28-берене (19.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112346/st-28

---

1. Криптобиржа - бул Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акционердик коомдун уюштуруу-укуктук формасында өз ишин жүргүзүп жаткан юридикалык жак.

2. Криптобиржалар виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчү катары ушул Мыйзамдын 26-беренесинде каралган виртуалдык активдерге байланышкан кызмат көрсөтүүлөрдү бере алат.

3. Криптобиржаларды түзүүнүн, иштешинин, отчет берүүсүнүн тартиби жана ишинин башка жоболору ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталат.

(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 19-январындагы № 3 Мыйзамынын редакциясына ылайык) Дагы караңыздар: Виртуалдык активдердин тооругунун операторунун (криптобиржанын) иши жана Виртуалдык активдердин тооругунун операторлорунун (криптобиржалардын) реестрин жүргүзүү жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-сентябрындагы № 514 токтому менен бекитилди)

---

Мурунку берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112346/st-27)  
Кийинки берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112346/st-29)
