# 27-берене. Виртуалдык активдерге байланышкан кызмат көрсөтүүлөрдү берүү тартиби жана шарттары

- Документ: [Виртуалдык активдер жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112346)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 21-январындагы № 12 "Виртуалдык активдер жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 12
- Кабыл алынган күнү: 21.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.01.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 19 января 2026 года № 3 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О виртуальных активах"](https://aqlex.ai/kg/doc/230038536)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112346#diff=35683..45021>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112346/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3134/edition/1220894/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112346/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Виртуалдык активдер жөнүндө, 27-берене (19.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112346/st-27

---

1. Виртуалдык активдерге байланышкан кызмат көрсөтүүлөр адистештирилген платформаларда (мындан ары - Платформа) гана берилет.

2. Ушул Мыйзамдын 26-беренесинде каралган виртуалдык активдерге байланышкан кызмат көрсөтүүлөрдү виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүлөр ыйгарым укуктуу орган берген виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүнүн ишин жүзөгө ашыруу укугуна лицензиянын негизинде берет.

3. Ушул беренеде каралган шарттарды жана чектөөлөрдү кошпогондо, виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчү ушул Мыйзамдын 26-беренесинде каралган бир же бир нече кызмат көрсөтүүлөрдү берүүгө укуктуу.

4. Берилүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн чөйрөсүн кеңейтүү үчүн виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүлөр агенттер катары виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн башка берүүчүлөрдү гана тарта алат.

5. Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторлорду кошпогондо, Улуттук банктын көзөмөлүнө алынган банктарга, банк эмес финансы-кредит уюмдарына жана башка юридикалык жактарга, ушул Мыйзамдын 26-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында каралган виртуалдык активдерге байланышкан кызмат көрсөтүүлөрдү берүүгө тыюу салынат.

6. Улуттук банктын көзөмөлүнө алынган банктар, банк эмес финансы-кредит уюмдары жана башка юридикалык жактар тарабынан ушул Мыйзамдын 26-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-5-пункттарында каралган виртуалдык активдерге байланышкан кызмат көрсөтүүлөрдү берүүнүн тартиби жана талаптары Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында аныкталат.

7. Улуттук банктын көзөмөлүнө алынган жактар болуп саналбаган юридикалык жактар тарабынан ушул Мыйзамдын 26-беренесинде каралган виртуалдык активдерге байланышкан кызмат көрсөтүүлөрдү берүүнүн тартиби жана талаптары Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан белгиленет.

(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 19-январындагы № 3 Мыйзамынын редакциясына ылайык) Дагы караңыздар: Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун иши жана Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторлорунун реестрин жүргүзүү жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-сентябрындагы № 514 токтомуна ылайык)

---

Мурунку берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112346/st-26)  
Кийинки берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112346/st-28)
